Трамптын кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектей турган мыйзамы талкууланат

© REUTERS / Jonathan ErnstПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүлдөр палатасынын демократтары президент Трамп фанатизмге алдырган чечим чыгарбашы үчүн анын ыйгарым укуктарын чектегиси келип жатат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШнын эл өкүлдөрү палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси келерки жумада Дональд Трамптын АКШга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүн чектеген Жарлыгын жокко чыгара турган мыйзам долбооруна добуш берилерин айтты. Бул тууралуу Washington Post жазды. 

Өткөн жумада Американын бийлиги жети өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн АКШга кирүүгө чектөө коюуну пландап жатканы боюнча маалымат тараган. Трамп мындай кадамын "террорчулуктан  коргонуу үчүн жасалып жатат" деп түшүндүргөн. Акыркы чечим 27-январда кабыл алынары айтылган.

"Өкүлдөр палатасынын демократтары президенттин катаал чечимине каршы чыгуусун улантып жатат. Жакынкы күндөрү Конгресстеги Соттор палатасынын комитети мыйзам долбоорду карап чыгат. Ошондой эле президент фанатизмге алдырып чечим чыгарбашы үчүн анын ыйгарым укуктарын чектөө маселеси дагы талкууланышы мүмкүн", — деди Пелоси.

Ал эми Соттор палатасынын комитетинин төрагасы Жерри Надлер коллегия мыйзам долбоорун жакынкы эки жума аралыгында карай турганын билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоор демократтар тарабынан колдоо тапканы менен, республикачылар басымдуулук кылган Сенатта өтпөй калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0