Кышында кар аз болсо кандай коркунучтар жаралат? Экологдун пикири

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эколог Киммо Саариненанын айтымында, курт-кумурскалар кардын эришинен, мөңгүдөн агып келген суудан пайда болгон көлмөлөрдө көбөйүшөт. Эгер суу жана нымдуулук болбосо курт-кумурскалар азайып, канаттуулар дагы тамаксыз калат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эгер кышта кар аз болсо, аары, чиркей сыяктуу өсүмдүктөрдүн чаңдашып, бышып жетилишинде чоң роль ойногон курт-кумурскалар жоголот. Мунун артынан түшүмдүүлүк азаят. Мындай бүтүмгө Финляндиядагы Түштүк-Карельск аллергология жана курчап турган чөйрө институтунун окумуштуулары келгенин мамлекеттик Yle телеканалы билдирди.

Курт-кумурскалар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Курт-кумурскалар жоголуп баратат. Андан ары адамзатты ири кыйроолор күтөт
Изилдөөчүлөр тобуна кирген эколог Киммо Саариненанын айтымында, курт-кумурскалар кардын эришинен, мөңгүдөн агып келген суудан пайда болгон көлмөлөрдө көбөйүшөт. Эгер суу жана нымдуулук болбосо курт-кумурскалар азайып, канаттуулар дагы тамаксыз калат.

Ошондой эле бул майда жандыктардын аз болушу өсүмдүктөрдүн чаңдашпай калышына себепкер болот. Мындан тышкары, калың кар күздүк эгинди кышкысын калкалап, үшүп кетүүдөн сактап турат.

Бирок адис ортодон бир гана кыштын жылуу болушу мынчалык чоң өзгөрүүлөрдү алып келе албасын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0