Афганистанда кыйраган учак. "Талибан" жоопкерчиликти өз мойнуна алды

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүСамолет в небе над Москвой
Самолет в небе над Москвой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-январь күнү Афганистандын Ганзи провинциясында аба кемеси кыйраган. Бортто 83 адам болгону айтылган. Баштапкы маалыматтар боюнча учак афгандык Ariana Afghan Airlines компаниясына таандык эле.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Талибан" радикалдык уюму Афганистанда кыйраган учак боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Согушкерлер АКШнын аскер учагына ок атышканын айтып жатканын РИА Новости Ariana News телеканалына шилтеме берип жазды. 

Иранда кулаган Украина учагынын сыныктары - Sputnik Кыргызстан
Иран Украина учагын эки ракета менен атканын моюндап, чоо-жайын айтты
27-январь күнү Афганистандын Ганзи провинциясында аба кемеси кыйраган. Бортто 83 адам болгону айтылган. Баштапкы маалыматтар боюнча учак афгандык Ariana Afghan Airlines компаниясына таандык эле. Бирок авиакомпания бул маалыматты төгүндөдү.

Ал эми жергиликтүү Tolo News каналы учак кыйраган жерден тартылды делген видеону көрсөтүп, кеме АКШ аба күчтөрүнө таандык экенин айтууда. Бирок видеодо бүгүн кыйраган учакпы же жокпу так жана расмий маалыматтар бериле элек.

Associated Press агенттиги ошол эле видеого шилтеме берип, кеп АКШ аба күчтөрү Афганистандагы чалгындоо иштерине пайдаланган Bombardier E-11A учагы тууралуу болуп жатышы мүмкүн экенин билдирди.

АКШ мурдараак бул маалыматты туура эмес деген билдирүү жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0