Афганистанда 83 жүргүнчүсү менен бараткан учак кыйрады

© AFP / MANDEL NGANAriana Afghan Airlines авиакомпаниясынын учагы. Архив
Ariana Afghan Airlines авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыктын чоо-жайы азырынча айтыла элек. Маалыматка караганда, борт жергиликтүү авиакомпанияга тийиштүү.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Афганистанда жүргүнчү ташыган учак кырсыктаганын РИА Новости жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, бортто 83 адам болгон.

Буга чейин Ariana Afghan Airlines афган авиакомпаниясынын учагы өлкөнүн чыгышындагы Газни провинциясында кыйраганы айтылган. Ал эми губернатордун өкүлү Газни Ариф Нури борт Дех Як аймагында кырсыктаганын билдирди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0