Симоньян Кызыл Армиянын эрдигин унуткарган польшалыктарды уяткарууну сунуштады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүИнтервью главы МИД РФ С.Лаврова радиостанциям "Спутник", "Эхо Москвы" и "Говорит Москва"
Интервью главы МИД РФ С.Лаврова радиостанциям Спутник, Эхо Москвы и Говорит Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башында Польша бийлиги Варшаванын фашизмден бошотулушунун 75 жылдыгын белгилөөдөн расмий баш тарткан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуштун документтерин ачыктап коюу жетишсиз, андагы маалыматтарды жеткирүүнүн бир нече жолу болушу шарт. Интернет — эң мыкты канал. Бул тууралуу RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян НТВ каналынын "Своя правда" программасынын эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалгыз Польшаны бошотуу үчүн курман болгон биздин жоокерлердин саны Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан жалпы америкалыктардан көп.

“Мындан улам биздин аталарыбыздын эрдигин, жанын курмандыкка чалган майышпас кайратын тебелеп-тепсегендердин социалдык тармагына #ВамНеСтыдно хештеги менен “саламатсызбы, пан баланча, менин чоң атам сизди, сиздин ата-бабаларыңызды бошотуп жатып курман болгон” деген билдирүүлөрдү жөнөтүүгө чакырам”, — деди Симоньян.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Мындай билдирүүлөрдү ал Польшанын президенти Анджей Дуда, премьер-министри Матеуш Моравецкий жана ТИМ башчысынын орун басары Павел Яблоньскийдин Twitter, Facebook жана Instagram баракчаларына жиберүүнү сунуштады.

“Ушул адамдарга өз тарыхыңарды жөнөтүп ийгилечи. Кичине уялып калышсын. Канчалык көп адам болсо, натыйжасы ошончолук күчтүү болот”, — деди Симоньян.

Белгилей кетсек, жыл башында Польша бийлиги Варшаванын фашизмден бошотулушунун 75 жылдыгын белгилөөдөн расмий баш тарткан. Ал эми өлкө президенти Анджей Дуда ушул жумада Иерусалимде өткөн Холокосттун курмандыктарын эскерүү боюнча эл аралык форумга келген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0