Окумуштуулар чачты ак бастырбай алып жүрүүнүн жолун айтышты. Жаңы иликтөө

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАк чач адам. Архив
Ак чач адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр чычкандарга тажрыйба жүргүзүп жатып, алар катуу корккондо жана ооруганда бир нече жумадан кийин кара түктөрү ак болуп калганын байкашкан.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. АКШ менен Бразилиянын окумуштуулары чачты ак бастырбай алып жүрүүнүн табигый ыкмасын табышты. Алар экспериментти чычкандарга жасаганын BBC маалымдады.

Эл буга чейин деле чач эки себептен: жаш курак өткөндө жана күйүт, коркунуч, ооруга байланыштуу агарарын ойлоп келишкен. Эми ал илимий түрдө тастыкталганы айтылат.

Эксперимент учурунда Гарвард жана Сан-Паулу университетинин адистери чач менен териге өң берген меланин затынын иштелип чыгышына сөңгөк клеткалар (меланоциттер) жооп берерин тастыкташкан. Алар стресс учурунда интенсивдүү түрдө бузулары аныкталды.

Карылар үйүндөгү кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыздык организмге чылымдан кем эмес зыянын тийгизет. Иликтөө
Маалыматка ылайык, аялдар жана эркектер отуз же андан чоң куракта чачы-башын ак басып баштайт. Буга канчалык бир деңгээлде стресс таасирин тийгизет. Окумуштуулар азыркыга чейин стресс чачтын өңүн кандайча өзгөртөрүн түшүнбөй келишкен.

Ачылыш кокусунан жасалган. Изилдөөчүлөр чычкандарга тажрыйба жасап жатып, алар катуу корккондо жана ооруганда бир нече жумадан кийин кара түктөрү ак болуп калганын байкашкан.

Окумуштуулар негативдүү эмоциялар менен оору организмде адреналин менен кортизол гормондорунун чыгып кетишине алып келерин белгилешкен. Анын кесепетинен жүрөктүн согушу катуулап, кан басым көтөрүлөт, ошондой эле чачтын түптөрүндөгү меланоциттер өлөт.

"Биз катуу стресс организмге зыян экендигин билчүбүз, бирок мынчалык экендигин ойлобоптурбуз. Эң башкысы, бул механизм кандайча иштей турганын билдик", — деген Гарвард профессору Я Циесу.

Ошондой эле түктөрүн ак басып кеткен чычкандардын терисиндеги түс берген компоненти (пигмент) биротоло жок болгонун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0