Елизавета II Brexit тууралуу мыйзам долбооруна кол койду

© AFP / SIMON DAWSONКоролева Великобритании Елизавета II
Королева Великобритании Елизавета II - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө Евробиримдиктен расмий түрдө 31-январь күнү чыгышы күтүлүүдө. Учурда формалдык процедуралар гана калды.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа биримдигинен чыгуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул туурасында BBC жазды.

Британ өкмөтүнүн ЕБден чыгуу боюнча иш алып барган министри Стивен Баркли мыйзам күчүнө киргенин Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

"Кечээ община палатасы менен лорддор палатасы Brexit тууралуу мыйзамды жактырды. Бүгүн ханыша мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди. Бул мыйзам долбоору эми мыйзам болду дегенди билдирет. Ал өлкө ЕБден 31-январда чыга турганын тастыктайт", — деген Баркли.

Ханыша кол койгон мыйзам долбоору формалдуу болуп саналат. Эреже боюнча парламент жактырган бардык мыйзамдарга монарх кол коет.

Эми Британия Евробиримдиктен расмий түрдө 31-декабрь күнү саат 11де чыгып кетиши керек. Ушул эле күнү Европарламент өлкөнү катардан чыгаруу маселеси боюнча добуш берет. Депутаттар британ парламенти кабыл алган келишимди жактырышы мүмкүндүгү айтылды.

Улуу Британиянын Евробиримдикке мүчөлүгү жана Brexit демилгеси

1973-жылы Улуу Британия экономикалык өсүштүн токтошунун (стагнация) алдын алуу үчүн Европалык экономикалык биримдиктин катарына кирген. Бирок аталган биримдикке мүчө катары бир катар стратегиялык документтерге кол койбой келген. Маселен, 1985-жылы өлкө Шенген келишимине кошулган эмес, ал эми 1992-жылы еврого өтүүдөн баш тартып, улуттук валюта катары фунт стерлингди калтырган.

Празднование столетия Королевских ВВС в Лондоне - Sputnik Кыргызстан
Елизавета II Гарри менен Мегандын ыйгарым укуктары боюнча чечим чыгарды
2011-жылы Британиядагы экономикалык кризистин фонунда өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болушу толкундоолор менен нааразычылыктардын өсүшүнө алып келген. Ал убакта парламент Бириккен падышалыктын ЕБден чыгышына каршы чыккан.

2013-жылы премьер-министр Дэвид Кэмерон өлкө акыры Евробиримдиктен (Brexit) чыгарын айткан. Ошону менен биргеликте калк идеяны колдобой коюшу мүмкүндүгүн белгилеп, мүчөлүктүн шарттарын карап чыгууну демилгелей турганын убадалаган.

2016-жылы айрым шарттар кайрадан каралган. Улуу Британия эмгек мигранттарынын Евробиримдиктин социалдык системасынан пайдалануусуна төрт жылга чейин тыюу салууга жетишкен. Ошондой эле Евробиримдикте өзүнүн саясий чечимдерин кабыл алуусуна жана өлкөнүн каржы мекемелеринин өз алдынча укугуна ээ болушкан.

Фунт стерлинг улуттук валюта катары калган. Кэмерон мындай кадам Британиянын жарандары арасында "Евробиримдикке мүчө бойдон калуу туура" деген чечимди чыгара турганына ишендирген. Анткен менен ошол эле жылы өлкө Brexit боюнча референдум өткөргөн. Анда ЕБден чыгууга жашоочулардын 52 пайызы добуш берсе, каршы 48 пайыз болгон. Жыйынтыгында Кэмерон отставкага кетип, анын ордун Тереза Мэй ээлеген.

Мэй Британиянын ЕБден чыгуу процессин баштаган. Негизги шарты Түндүк Ирландия жана Ирландия республикасы биригип калса Евробиримдикке кошулууга укугу болушу керек эле. Бирок биримдиктин мүчөлөрү Ирландия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы мамлекеттик чек араны калыбына келтирүүгө каршы чыгышкан. ЕБ жетекчилиги Түндүк Ирландия бирдиктүү европа базарына кирүүсүнө мүмкүндүгү болушу керек деп туруп алган. Мэй белгилегендей, Улуу Британия өкмөтү Бириккен падышалыктын ичинде жаңы чек араны түзүүгө макул болмок эмес. Жыйынтыгында маселе чечилбей калган, бирок парламент 2018-жылдагы Brexit мыйзам долбоорун колдогон.

Добуш берүү 2019-жылдын март айына белгиленген. Мэйдин ишине консерваторлор партиясы ишеним көрсөтпөө маселесин коюшкан, бирок ал ордун сактап кала алган.

2019-жылы депутаттар Мэйдин Евробиримдик менен биргеликтеги келишим планын эки ирет четке кагышкан. Алар муну Ирландия чек ара маселесин кайрадан карап чыгуу керектиги менен түшүндүрүшкөн. Кароо мартка жылдырылган.

Улуу Британия премьери журналисттерден муздаткычка кирип кетип кутулган. Видео - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия премьери журналисттерден муздаткычка кирип кетип кутулган. Видео
Премьер-министр Ирландиядагы чек арада көзөмөлүнүн жоктугу боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүү жүргүзүп, жаңы чек ара келишимин түзүү боюнча макулдашкан. Парламент аны эки ирет четке кагып, кароону апрелге жылдырган. Апрелде ЕБ Улуу Британияга 31-октябрга чейин мөөнөтүн узарткан.

2019-жылы июлда ийгиликсиз аракеттерден жана партиялаштары менен бир пикирге келе албагандыктан Тереза Мэй өкмөт башчылыктан кетип, анын ордуна Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон келген. Ал Евробиримдик менен келишимдеги жаңы шарттар боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Жаңы долбоор боюнча Улуу Британия ЕБдин нормаларына 2020-жылдын аягына чейин баш ийип, Brexit үчүн болжолу менен 33 миллиард фунт төлөп берет. Улуу Британияда жашаган Евробиримдик өлкөлөрүнүн жарандарына жана ал мамлекеттеги британдыктардын укуктарына кепилдик берилет. Ал эми Түндүк Ирландия Евробиримдиктин бирдиктүү базарына кошулат.

Бул келишим боюнча Түндүк Ирландия Бириккен падышалыктын бажы мейкиндигинин бир бөлүгү катары калат. Ошондой эле Brexit процедурасынан кийин бардык соода-сатык келишимдерине катышат.
Улуу Британия Түндүк Ирландияга бара турчу айрым азыктарга тарифтерди киргизбөөгө милдеттендирилген. Мындан тышкары, документте кайсы товарлар жалпы базарга кириши керектигин ЕБ менен Улуу Британиянын биргелешкен комиссиясы чече турганы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0