Окумуштуулар токтон кубат алчу жүрөк жасап жатышат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВыставка "Россия, устремленная в будущее"
Выставка Россия, устремленная в будущее - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын роботтошкон жүрөк жасоо боюнча иши ийгиликтүү болсо, 2028-жылы оорулуу жүрөктү башка адамдын жүрөгүнө алмаштыруу зарылдыгы калбайт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Нидерланддык жана англиялык окумуштуулар жарым-жартылай лаборатория шартында өстүрүлгөн адамдын клеткаларынан турган роботтошкон жүрөк жасап жатышат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, окумуштуулардын иши ийгиликтүү болсо, 2028-жылы оорулуу жүрөктү башка адамдын жүрөгүнө алмаштыруу зарылдыгы болбойт.

Роботтошкон жүрөк кадимки органдай эле канды бүткүл организм аркылуу жүгүртүүгө жөндөмдүү болот.

"Аны үч жыл ичинде жаныбарга салып, сыноо иштери жүргүзүлөт. Ушул аралыкта роботтошкон жүрөккө иммундук система кандай жооп кылары дагы так билинет", — деп айтылат макалада.

Карылар үйүндөгү кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалгыздык организмге чылымдан кем эмес зыянын тийгизет. Иликтөө
"Гибрид жүрөктүн" жыйрылуусуна анын курамындагы синтетикалык материал жардам берет.

Баса, ал толугу менен адамдын клеткасынан болбогондуктан, маал-маалы менен кубаттап турууга туура келет. Ал үчүн адам кийимине зымсыз заряд берчү аппаратты төйнөп алып жүрөт.

Окумуштуулардын айтымында, бул миллиондогон өмүрлөрдү сактап калууга жардам берет. Анткени Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул тапта жүрөк кан-тамыр оорулары жер жүзү боюнча эң көп жайылган илдеттердин катарында экенин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0