Казакстанды көз ачырбаган бороон-чапкын жүдөтүүдө. Видео

© REUTERS / LINDSAY DEDARIOКышында бороон-чапкын учурунда көчөнү отүп бараткан киши. Архив
Кышында бороон-чапкын учурунда көчөнү отүп бараткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук мектептерде окуу токтоп, өлкөдөгү унаа жолдун жарымы жабылып, ондогон авиакаттамдар токтотулду.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Казакстандын көп жерлеринде катуу бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Бороон бүгүн, 23-январда, башталган. Куткаруучулар тарабынан Нур-Султандын жашоочуларына бурганак, секундасына 23 метрге чейин жеткен шамал болору алдын ала эскертилген.

Борбордук мектептерде окуу токтотулуп, өлкөдөгү унаа жолдун жарымы жабылып, ондогон авиакаттамдар кармалды.

Казгидрометтин маалыматына караганда, кар, бороон жана катуу шамал өлкөнүн көптөгөн аймактарында бир нече күнгө чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0