Сириянын түндүгүн кайрадан өрт чалды. Пайда-батасын ким көрөт

© AFP / LOUAI BESHARAСитуация в Сирии
Ситуация в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын түндүгүндө аскерий аракеттердин жанданышы АКШ үчүн пайдалуу, анткени бул америкалыктарга аталган өлкөдө калуу үчүн жакшы шылтоо дейт Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко.

Ушу тапта террорчуларга Сириянын өкмөттүк армиясы жана ага тилектеш болгон Россия, Иран жана Түркиянын күчтөрү каршы турууда.

Куралданган согушкерлер Идлиб провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө эки ирет чабуул жасап, артиллериянын соккусунан улам артка чегинди. Сириянын түндүгүндөгү абал ушу тапта кооптуу бойдон калууда. 16-январдан 20-январга чейин Идлиб аймагында жасалган 15 террордук чабуулдан улам 47 жоокер каза таап, 77си жаракат алды, мындан тышкары, 51 жай тургун өлтүрүлүп, 116 адам жарадар болду. Түркиянын маалымат булактары согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка өкмөттүк күчтөрдү колдоо үчүн Ирандын атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүгү жөнөтүлгөнүн билдирген.

Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
Ал эми Al-Masdar басылмасынын маалыматы боюнча, Россиянын авиациялык күчтөрү 20-январь күнү Сириянын Алеппо шаарынан батышты көздөй кеткен аймакта жайгашкан ислам альянсынын согушкерлерине сокку урган. Бул жыл башынан берки эң күчтүү деп саналган чабуул болду. Андан бир күн мурун сириялык согушкерлер пилотсуз башкарылуучу учактардын жардамы менен Латакия провинциясындагы "Хмеймим" авиабазасына кол салууга аракет кылышканы маалым. Россиянын абадан коргонуу күчтөрү базага зыяны тийбегидей кылып аларды жок кылууга жетишкен.

Ким күнөөлүү?

Россиянын Коргоо министрлиги Идлибдеги абалдын курчушуна "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук тобу жоопкер деп эсептейт. Анын катарында 20 миңдей согушкер бар, жихадчылар Батыштын жардамына катуу ишенет. РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков "аскерий көз караштан алып караганда, АКШнын Сирия аймагында жасагандарынын баары мыйзамсыз" экенин айтты. Бирок Америка позициясынан тайбай келет. Көтөрүлүшчүлөрдүн байма-бай жасалган согуштук аракеттери АКШ үчүн Сириядагы мыйзамсыз жорук-жосунун кандайдыр бир деңгээлде актоо, өлкө аймагында жүрө турган убактысын узартууга үмүт десек болчудай.

Здание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне. - Sputnik Кыргызстан
Пентагонду "эсине келтирүү". Иран АКШнын аскерий алсыздыгын ачыктады
Батыштын оюна койсо Евфраттын чыгыш аймагында Сириянын мыйзамдуу бийлигин орнотуу боюнча Сирия, Россия, Иран жана Түркиянын пландарын ишке ашырбай коймок. Анткени ал жактагы нефти кендерин америкалыктар көзөмөлдөйт эмеспи. Эгер дарыянын аркы жээгиндеги тирүү калкан болуп берген куралдуу топтор болбосо Сирия нефтисин тескөө кайрадан Дамаскиге өтүп кетери айкын. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы ажаан саясатын колдогон европалык жана аймактагы тилектештери азыр алапайын таппай турат, ошентсе да улуттук кызыкчылыктарына каршы туруп, Вашингтондун ишаратысыз оюндан четтеп кете алышпайт. Чыныгы суверенитетке Түркия гана ээ экенин көрдүк.

Түркиянын Anadolu эң ири маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, "учурда Сириянын Хасеке, Ракка жана Дейр-эз-Зор провинцияларындагы 11 аскерий базада америкалыктар бар". Алар эмне кылып жүрүшөт?

Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Сергей Рудской ага чейин "согушкерлерди даярдоодон тышкары Сириядагы америкалык күч түзүмдөрү Сирия өкмөтүнө таандык нефти объектилерин жана кендерин талап-тоноо менен алек" экенин айткан.

Тазалоо

Сириянын армиясы союздаштары менен биргеликте 17-январда өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан террорчуларды акырындап кыса баштады. Бул Алеппонун түштүк жана батышындагы аймактарды көзөмөлгө алуу үчүн жасалууда. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерге артиллерия, сооттолгон техника жана атайын даярдыктагы "Кодс" бөлүмүнүн күчтөрү тартылууда.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Иран депутаты Трамптын башы үчүн 3 млн. доллар сунуштады
Эртеби-кечпи Араб Республикасы куралданган топтордон да, америкалыктардан да кутулат. "Жаңы Сириянын курамындагы Батыш Күрдстандын автономиясы" деген маселе ойлоп табылган нерсе экени белгилүү болуп калды. Сириянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирчү компромисске жол жок, бул Дамаск, Москва, Тегеран жана Анкаранын бирдиктүү, тайгыс позициясы.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, Россия менен Түркиянын ортосундагы Идлиб боюнча пикир келишпестиктер да эки өлкөнүн стратегиялык алакасына зыян тийгизбейт. Аскердик-саясий абалы өтө курч болуп турган Ирандын да бекем позициясына көпчүлүк суктанып турат. АКШ менен регионалдык союздаштарынын каршылыгына карабай Сирия акырындап тынчтыкка келе жатат. Акыркы суткада эле өлкөгө чет жактан 900 качкын кайтып келди.

"Хайят Тахрир аш-Шам" — Россия аймагында тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0