Балдары менен 9 жыл жер төлөдө жашаган голландиялык кишиге айып тагылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСитуация в Донецкой области
Ситуация в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир туугандардын айтымына караганда, атасы жин кирип кетти деп шек санаган балдарын токтоосуз кыйнап, сабап турган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нидерланддардын прокуратурасы алты баласы менен сырткы дүйнө менен байланышпай, тогуз жыл бою фермердик үйдүн жер төлөсүндө жашап, алардын бир катарларына сексуалдык ыдык көрсөткөн кишини айыптады. Бул туурасында NL Times басылмасы жазды.

67 жаштагы Геррит Ян ван Д сексуалдык ыдык көрсөткөн эки баласы ошол учурда 16 жашка толо элек болгондугун билдирген. Бул алардын бирине 2002-жылдын ноябрынан 2006-жылдын дал ушул айына чейин жасалган. Ал эми экинчиси мындай кордукка 2004-2008-жылдары кабылган. Басылма киши анын эки баласына каза болгон энесинин жаны кирип кеткен деп эсептеп жүргөнүн билдирген.

Лонгрид: 20 жылдан бери маркумдардын арасында жашайм - Sputnik Кыргызстан
20 жылдан бери маркумдардын арасында жашайм. Караколдуктардын баяны
Мындан сырткары, ал башка балдарын 1989-жылдын сентябрынан тарта 2019-жылдын октябрына чейинки мезгилде ур-токмокко алып, кээ биринин саламаттыгына залал келтирген деп шектелүүдө.

Бир туугандардын айтымына караганда, атасы жин кирип кетти деп шектенген балдарын токтоосуз кыйнап, сабап турган.

Буга чейин ЖМКлар Нидерланддардын түндүк-чыгышындагы Дренте провинциясында полиция 18-25 жаштагы балдары менен атасын тапкандыгын, алар фермердик үйдүн жер төлөсүндө жашагандыгын кабарлаган. Мындай үй-бүлө туурасында маалымат улуу баласы качып чыгып, жергиликтүү бардын ээсине айтып, ал полиция чакыргандан кийин белгилүү болгон. Бул окуядан кийин фермадан 58 жаштагы Йозеф Б. жана балдардын атасы кармалган.

ЖМКлар коомчулуктан бөлүнүп жашаган бул бүлө "Чиркөө биримдиги" деп аталган диний кыймылга таандык экендигин жазышкан. Аталган уюмду 1954-жылы Түштүк Кореяда Мун Сон Мён аттуу адам негиздеген. Мындай адамдарды адатта мунчулар деп аташат. Кыймылдын негиздөөчүсү 2012-жылы каза болгон. Учурда уюмга анын кызы — Мун Сон Жин президенттик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0