Иран депутаты Трамптын башы үчүн 3 млн. доллар сунуштады

© REUTERS / Carlos Barria / PoolПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламентте сөз сүйлөгөн Хамзе өлтүрүлгөн генерал Сулейманинин кичи мекени Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан Трамптын көзүн тазалаган адамга акчалай сыйлык берүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Иран депутаты Ахмад Хамзе Американын президенти Дональд Трамптын башы үчүн үч миллион доллар төлөп берүүнү сунуштады. Бул туурасында РИА Новости ISNA агенттигине шилтеме берип жазды.

"Керман провинциясынын жашоочуларынын атынан Трампты өлтүрүп, башын алып келген кишиге үч миллион долларды дароо төлөп беребиз", — деген Хамзе парламентте сөз сүйлөп жатып.

Керман провинциясы — америкалыктар көзүн тазалаган ирандык генерал Касем Сулейманинин кичи мекени.

Иран менен АКШ чатагы

Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы боюнча 4.20) Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиль" деп аталган аскерий базаларына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

Андан кийин АКШнын Ирактагы төрт аскер базасына ракеталык соккулар жасалып, эч ким жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0