Россия БУУга Дума шаарында химиялык чабуул жасалбаганын далилдеди

© AFP / Andrei BORODULINСитуация в сирийском городе Думе
Ситуация в сирийском городе Думе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Химиялык куралга тыюу салуу уюму өткөн жылдын март айында 2018-жылдын 7-апрелинде Дума шаарында болгон окуянын иликтениши тууралуу докладын жарыялаган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин химиялык курал колдонууга тыюу салуу (ХККТС) боюнча докладды талкуулаган жыйынында 2018-жылы Сириянын Дума шаарына химиялык чабуул жасалбаганын далилдеп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Иш-чарада Демократия көйгөйлөрүн иликтөө фондунун директору Максим Григорьев сөз сүйлөп, ага караштуу бейөкмөт уюмдар Сирияга ондон ашуун ирет барып, жүздөгөн адамдар менен сүйлөшкөнүн маалымдады. Алар Дума шаарынын ооруканасында жаткан бейтаптар менен да баарлашкан.

"Мындан тышкары, биз адамдардын сөөгү табылган үйдүн 10 жашоочусу менен, ал жайдан бир чакырым аралыкта жашаган тургундар менен сүйлөштүк. Алардын көрсөтмөлөрү Думадагы химиялык чабуул тууралуу маалыматтын жасалмаланышынын ачык далили боло алат", — деди Григорьев.

Ал күбөлөр менен болгон айрым сүйлөшүүлөрдү окуп да берген. Адамдардын айтымында, Дума шаарынын ооруканасына химиялык чабуулдан жабыркагандар кайрылган эмес.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө ХККТС миссиясынын мурунку эксперти, Думада иштеп кеткен Иэн Хендерсондун видеокайрылуусу да көрсөтүлдү.

"Эки топ жөнөтүлгөн. Мен биринчисине кошулдум. Докладдагы жыйынтык Думага барып иликтөө жүргүзгөн топтун аныктап чыккан нерсесине каршы келди. Алдын ала жасалчу доклад даяр болгон маалда химиялык чабуул болгонунан күмөнүбүз бар болчу", — деди Хендерсон.

Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
Россия ХККТС докладынын анализи бир топ суроолорду жаратып жатканын белгиледи. Москванын пикири боюнча, 2019-жылы Думада иштеп жаткан алгачкы топтун мүчөлөрү докладдын өзүн даярдоо иштерине катышкан эмес. Атургай бул адамдардын докладга дал келбеген билдирүүлөрү көз жаздымда калып келген. Мунун баары жыйынтыктоочу отчёттун тууралыгынан шек жаратат.

Буга карабастан айрым мамлекеттер Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сирияны химиялык курал колдонгон деген айыптоосун токтоткон жок. Мисалы, Эстониянын БУУдагы өкүлү Свен Юргенсон "МУФСтун көз карандысыз жана кесипкөй ишине" толук ишенерин билдирди. Анын айтымында, "Дума боюнча ХККТС докладынан күмөн саноого негиз жок".

Химиялык чабуул тууралуу доклад

Химиялык куралга тыюу салуу уюму өткөн жылдын март айында 2018-жылдын 7-апрелинде Дума шаарында болгон окуянын иликтениши тууралуу доклад жарыялаган. Анда химиялык чабуул маалында уулуу химиялык зат — хлор колдонулганы, баллондор абадан түшкөнү айтылган. Мындай кырдаал Батыштын айрым мамлекеттерине сириялык авиацияны айыптоого жол ачып берген.

Ливиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Ливияда тынчтык орнотуунун башкы демилгечиси ким экенин Батыш жакшы билет
Бирок кийинчерээк ХККТС эксперти Иэн Хандерсондун инженердик баасы берилген документ тараган. Анда эки жерден жасалган байкоо баллондор абадан ыргытылбастан, коюп кеткендей экенин боолгоолого болору айтылган. Мындан тышкары, Хендерсон башында турган адистердин тобу бир топ шайкеш келбеген нерселерди аныктап чыккан. Мисалы, баллондун тийгенден кийинки жабыркаган бети бетон шыптын талкаланган изине дал келбей калган. Мындан тышкары, баллондун клапаны эч нерсе болгон эмес, ал эми шыпты жарып өткөн баллон мындай болбойт.

Россиянын ТИМи Сирия армиясын химиялык чабуул жасады деп айыптоо аракетин террорчуларды коргоо жана тыштан болчу соккуларды актоо деп баалады. Анын үстүнө буга чейин Россиянын Генералдык штабы согушкерлер Чыгыш Гутада химиялык курал колдонулганы боюнча чагымчылык аракеттерди көрүп жатканын айтып эскерткен жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0