Жалгыздык организмге чылымдан кем эмес зыянын тийгизет. Иликтөө

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINКарылар үйүндөгү кемпир. Архив
Карылар үйүндөгү кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын иликтөөсүнө караганда, көп жыл жалгыз жашап, кийин карылар үйүнө түшкөн адамдардын арасында ден соолугу жабыркагандар көп экени аныкталган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жалгыздык ден соолукка чылым чегүү жана ашыкча салмак сыяктуу эле зыянын тийгизет. Бул тууралуу Калифорния университетинин (АКШ) окумуштууларына шилтеме берип Daily Mail басылмасы жазды.

Илимпоздор бала-чакасы менен жашаган жана карылар үйүндөгү улгайган адамдар арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында көп жылдар бою жалгыз жашап, кийин карылар үйүнө түшкөндөр арасында ден соолугу жабыркагандар көп экени аныкталган.

"Жалгыздык негизинен психологиялык көйгөйлөрдү алып келери белгилүү, бирок иликтөө учурунда анын ден соолукка дагы толгон-токой зыяны бар экени аныкталды. Эң жөнөкөйү — стресс. Мындай стресстен улам ашыкча салмак пайда болуп, организмде кант көбөйөт. Ошондой эле жалгыздыктын азабын тарткан адамдардын кан басымы туруксуз болору билинди", — деп айтылат макалада.

Мындан тышкары, окумуштуулар жалгыздыкта өмүр сүргөн адамдар улгайганда акыл-эстен эртерээк таярын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0