Путин Мамдумага РФтин Баш мыйзамына толуктоо киргизчү мыйзам долбоорун жөнөттү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституцияга толуктоо киргизүү зарылдыгы боюнча Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда айткан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думага Конституцияга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жөнөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон кирешеси бар. Россиянын жаңы премьеринин декларациясы
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дмитрий Песковдун айтымына караганда, мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада каралганда ага Конституциялык комиссиянын тең төрагалары Андрей Клишас, Павел Крашенинников жана Талия Хабриева катышат.

Путин 15-январда Федералдык жыйынга кайрылуу жасаганда Баш мыйзамга адам укуктары, Федерациялык жыйындын ролун арттыруу, Мамлекеттик кеңештин статусу сыяктуу маселелерде өзгөртүү киргизүү боюнча айткан эле.

Президенттин кайрылуусунан соң Дмитрий Медведевдин өкмөтү отставкага кеткен.

"Владимир Владимирович Конституцияга киргизиле турган фундаменталдык түзөтүүлөрдү айтты. Булар кабыл алынганда Баш мыйзамга толуктоолор эле эмес, бийликте да теңдешүү болот. Өкмөт президентке зарыл болгон бардык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Менимче, министрлер кабинетинин отставкага кеткени туура болот", — деген Медведев.

Премьер-министрликке Михаил Мишустин дайындалып, ал эми Медведев Россиянын Коопсуздук кеңешинин орун басары болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0