Миллиондогон кирешеси бар. Россиянын жаңы премьеринин декларациясы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1980-жылдардын аягында Мишустин "Эл аралык компьютердик клуб" ишканасын ачып, өлкө рыногунда компьютердин пайда болушуна салым кошкон. Андыктан Салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалган учурда эле ал бай адамдардын катарын толуктачу.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Коммерсант" гезити Россиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин жана анын жубайынын акыркы алты айдагы кирешесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы анын кирешеси 23,2 миллион рублге (жубайыныкы — 160,1) жеткен. Кийинки жылдары өзүнүкү дагы, жубайыныкы дагы мындан төмөн болгон. Тагыраагы, 2015-жылы 19,5 миллион рубль (жубайыныкы — 80,9 миллион), 2016-жылы 18,9 миллион рубль (жубайыныкы — 77,3 миллион), 2017-жылы 19,3 миллион рубль (жубайыныкы — 68,5 миллион), 2018-жылы 19 миллион рубль (жубайыныкы — 47,7 миллион).

РИА Новости агенттиги жазганына караганда, 1980-жылдардын аягында Мишустин СССР Илимдер академиясынын бир нече мүчөсү менен "Эл аралык компьютердик клуб" ишканасын ачып, өлкө рыногунда компьютердин пайда болушуна салым кошкон. Ишкана Sun, HP, Microsoft жана Intel компаниялары менен кызматташкан. 1998-жылы Салык кызматынын жетекчисинин орун басары, кийин жетекчиси болуп дайындалган Мишустин учурунда эле колунда бар адамдардын катарын толуктачу.

Президент Интеко Елена Батурина - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдөгү эң бай жесирге Россияда издөө салынды. Чоо-жайы
2000-жылы дал ошол "Эл аралык компьютердик клуб" ишканасынан түшкөн кирешесине анын үй-бүлөсү коттедж жана батир сатып алган.

10 жыл бою мамлекеттик органдарда иштеген Мишустин 2008-жылы "Бириккен финансы тобуна" жетекчи болгон. Бул мекеме "Сбербанк", "Газпром", "Ингосстрах" сыяктуу ишканаларга салынган ири инвестицияларды башкарган. Бул кызматта ал айлыктан тышкары ар бир келишим үчүн бонус алып турган.

Мишустин 2010-жылы кайра мамлекеттик кызматка кайтарда ага "активдериңди бирөөгө өткөрүп бер" деген талап коюлуп, ал бардыгын жубайы Владлена Мишустинага берген. Кийин жубайы андан дивиденддерди алып турчу. Көп өтпөй активдер сатылып кеткен. Андан түшкөн каражат депозит катары банкка салынган. Азыр андан түшкөн киреше эле Мишустиндин үй-бүлөсүнө бир топ пайда алып келет. Алардын бардыгы жубайлардын декларациясында көрсөтүлгөн.

Эске салсак, өткөн аптада Дмитрий Медведев башында турган Россия өкмөтү отставкага кетип, премьер-министрликке Федералдык салык кызматынын мурдагы жетекчиси Михаил Мишустин дайындалган

Жаңылыктар түрмөгү
0