09:17 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427

Украинада бир топ жерге чейин барып, бирок акчасын төлөбөй койгон жүргүнчүнү таксист өзгөчө ыкма менен жазалаган видео интернет айдыңына тарады.

Окуянын Запорожье шаарында болгондугу айтылды.

Жагымсыз жагдайдын видеосу YouTube каналына жарыяланган.

Кадрдан эки эркек кишинин буйрук иретинде жалгыз турган адамга медициналык максатта колдонулуучу суюктук менен бетин жууш керектигин айтып жатканын көрүүгө болот.

Берки салааларынан агып жаткан суюктукту бетине шыбаганда өңү жапжашыл болуп калганын видеого тартып алышкан.

Маалыматтарга караганда, жүргүнчү акчасы жок экендигин көздөгөн жерине жеткенден кийин гана айткан.

Тема боюнча

Пермде автобустун жүргүнчүлөрүн сактап калган кыргызстандык таксист сыйланды
Белгилер:
Украина, таксист, жүргүнчү, жаза

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ