Дүйнөдөгү эң кыска киши 27 жашында каза болду

© AFP / PRAKASH MATHEMA Дүйнөдөгү эң кичинекей киши Хагендра Тапа Магар. Архив
 Дүйнөдөгү эң кичинекей киши Хагендра Тапа Магар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурларда анын жүрөгү ооруп, дем алуу органдары жабыркап жүргөн. Абалы оорлоп кеткенде Магарды Непалдагы Manipal ооруканасына жаткырышкан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң кичинекей киши Хагендра Тапа Магар каза болгонун "Звезда" телеканалы маалымдады.

Ал 27 жаш курагында ооруканада көз жумду. Магар биринчи жолу Гиннестин рекорддор китебине 2011-жылы өз алдынча баса алган дүйнөдөгү эң кичинекей киши (бою 67,08 сантиметр) катары кирген.

"Хагендра ошол жылы эле өтө тездикте дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, Непалдын туризм боюнча ыктыярдуу элчиси болгон", — деп айтылат Гиннестин рекорддор китебинин сайтында.

Акыркы учурларда анын жүрөгү ооруп, дем алуу органдары жабыркап жүргөн. Абалы оорлоп кеткенде Магарды Непалдагы Manipal ооруканасына жаткырышкан. Ал 17-январь күнү дүйнө салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0