00:35 17 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7314
  • RUB1.1008
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
470 0 0

Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Тегеран АКШнын Ирактагы базасына сокку ургандан кийин жана Boeing 737 кулаганга чейин Ирандын чек арасында F-35 ракеталары жүргөнү боюнча божомол бар болчу. Мындай кырдаал адамды күйпөлөктөтпөй койбойт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Сокку урулгандан кийин ирандыктар АКШ тарап жооп кайтарат деп күтүп турушкан. Кандай форматта болорун билишкен эмес, бирок Ирандын чек арасындагы абада эң аз дегенде алты F-35 ракетасы жүргөн. Бул маалыматты кайра текшериш керек деген ойдомун. Мындай кырдаал адамдын шаштысын кетирерин белгилеп койгум келет", — деди Лавров жыл сайын өтчү маалымат жыйын учурунда.

Эске салсак, каргаша 8-январь күнү эртең менен болгон. Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

11-январда Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн. Кийинчерээк кыйраган учак боюнча камакка алуулар башталганы айтылган.

Тема боюнча

Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо
Иран Украинанын учагын кандайча атып алганын түшүндүрдү
Иранда Украинанын кыйраган учагы боюнча камакка алуулар башталды
Белгилер:
сокку, Сергей Лавров, АКШ, Иран, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ