Россиянын былтыркы мыкты 10 кроссовери тизмектелди

© AP Photo / David ZalubowskiToyota RAV4 автоунаалары. Архив
Toyota RAV4 автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орточо көлөмдөгү жолтандабастардын рейтингинин сап башына Hyundai Creta чыккан. Ошондой эле ондукка Toyota RAV4, Renault Kaptur, Nissan Qashqai жана Skoda Kodiaq моделиндеги кроссоверлер кирген.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Автостат" басылмасы 2019-жылы Россияда эң көп сатылган кроссоверлерди аныктады.

Ага ылайык, россиялыктардын көбү Hyundai Creta үлгүсүндөгү унаа менен жүрөт. Былтыр аталган моделдеги 71 487 унаа сатылган. Андан мурдагы жылкы статистика 6 пайызга төмөн болчу. Экинчи орунда Renault Duster автокөлүгү турат. Аны 39 031 адам алган, ал эми көрсөткүч узаган жылга салыштырмалуу 6 пайызга азайган.

Автомобильные пробки на Новорижском шоссе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда автоунааны каттатуу 2020-жылы канча турат? Калькулятор
Үчүнчү сапка 37 242 кардары менен Volkswagen Tiguan илинген. 2018-жылга салыштырмалуу ага болгон талап 12 пайызга өскөн. Кийинки орунга KIA Sportage унаасы татыган, анын 34 370и сатылган (5 пайызга көбөйгөн). Тизменин бешинчи сабын LADA 4x4 жолтандабасы ээлеп, бул үлгүдөгү 31 923 автоунаа сатылганы айтылат (3 пайыз төмөндөгөн).

Ошондой эле алдыңкы ондукка Toyota RAV4, Renault Kaptur, Nissan Qashqai, Skoda Kodiaq жана Mitsubishi Outlander моделиндеги кроссоверлер кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0