16:33 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8406
  • EUR75.6129
  • RUB1.0952
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1367 0 0

Майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнөрү анык болгон. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени билинди.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Уйдун майлуулугу төмөн сүтүн көп ичкен кишинин организми башкалардыкынан кечирээк карыйт. Бул тууралуу Бригам Янг университетинин (АКШ) окумуштууларына таянып РИА Новости жазды.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн Ларри Такер аттуу окумуштуу башында турган топ 6 миңге чукул америкалыктар арасында изилдөө жүргүзгөн.

Окумуштуулар адамдарды үч топко бөлгөн. Биринчиси — майлуулугу 2 пайыздан ашкан сүт ичкендер, экинчиси — майлуулугу 1 пайыздан төмөн сүттү пайдалагандар. Ал эми үчүнчү топко киргендер таптакыр сүтсүз жашагандар эле.

Жыйынтыгында майлуулугу аз сүт ичкендер өз курагына караганда жашыраак көрүнөрү анык болгон. Ошондой эле атайын аппарат менен текшергенде мындай адамдар организминин биологиялык курагы календарлык курагына караганда төрт жылга жаш экени белгилүү болгон.

Адистер азыктын бул түрүн күнүмдүк рационго киргизүүнү сунуштайт.

Тема боюнча

Жашоону 10 жылга узартуунун жөнөкөй 5 эрежеси айтылды
Кубат алат. Мээнин жакшы көргөн 5 азыгы айтылды
Белгилер:
ден соолук, Окумуштуулар, курак, Сүт

ЭҢ МААНИЛҮҮ