Ажатканага кирген аял жыландын курмандыгы болуп кала жаздады. Сүрөт

© AFP / Oscar RIVERAЖылан. Архив
Жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыландын катуу кысканынан улам аял эсин жогото баштаган. Бир аздан кийин кичүү баласы чуркап кирип, жаныбарды балка менен бир нече ирет уруп, энесин сыртка алып чыкканга жетишкен.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Таиландда ажатканага барган аял аз жерден жыландын жеми болуп кала жаздаган. Бул туурасында Mirror басылмасы жазды.

Энеси кабылган жагымсыз окуя тууралуу анын кызы Чуня Ситтивичай айтып берген.

Аял унитазга отурганда жылан аны матап туруп алган. Жаныбар коркуп кетип жан далбастап бошонууга аракет кылган келиндин бутуна бекем оролгон.

Энесинин чаңырганын уккан кызы кеңсе бычагы менен балка ала чуркап келген.

"Апам жыландын терисин кескенге аракет кылганы менен өтпөй койду. Калчылдап, калтаарып жатып, бычакты өзүнүн колуна матырып алды", — деген ал.

Питон стал жертвой своей добычи — медоед убил змею и прогнал шакалов. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башын талкалап чайнап салды. Кашкулак менен жыландын кармашы видеодо
Кыздын айтымына караганда, жыландын катуу кысканынан улам аял эсин жогото баштаган. Бир аздан кийин кичүү баласы чуркап кирип, жаныбарды балка менен бир нече ирет уруп, энесин сыртка алып чыкканга жетишкен. Ал эми эшикти бекем жапкандыктан, жылан ажаткананын ичинде калган.

Капыстан болуп кеткен бул окуядан эсин араң жыйган бир туугандар Тез жардам чакырган. Дарыгерлер аялдын жарасын жууп-тазалап, тигип чыккан.

Буга чейин Бангкок шаарында уйкудагы кемпирге жыландын кол салган учурунун видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0