05:54 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
64 0 0

Эстониялыктардын пикиринде, өлкөдөгү Sputnik агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу цензура болуп саналат. Мындай пикирди коомдук-укуктук ETV+ телеканалындагы дискуссиялык берүүнү көргөндөр айтышкан.

Каналдагы программа Sputnik Эстония агенттигине болуп жаткан санкцияларга байланыштуу уюштурулган.

1-январдан тарта редакциянын журналисттери кылмыш ишин ачабыз деген коркутуулардан улам Sputnik Эстония жана "Россия сегодня" эл аралык агенттиктери менен кызматташуудан баш тартууга мажбур болушкан.

Кырдаалды талкуулоо үчүн орус тилдүү ETV+ телеканалына басылманын жетекчиси Елена Черышева, Sputnik агенттигинин мурдагы кызматкери Александр Лукьянов, Евро парламенттин депутаты Яна Тоомдун бюросунун кеңешчиси жана RusDelfi порталынын экс-редактору Маргарита Корнышева чакырылган.

Оппонент катары Тарыхый эстеликтер институтунун кызматкери, юрист Сергей Метлев, стратегиялык коммуникациянын эксперти Ильмар Рааг, коопсуздук жана коргонуу боюнча маалымат борборунун жетекчиси Григорий Сенькив сөз сүйлөгөн.

Тыюу салып, анан териштирүү

"Журналисттерге карата саясий жана экономикалык санкцияларда цензура бар. Цензурага Эстонияда тыюу салынган. Sputnik Эстония — бул эч кандай санкция киргизилбеген "Россия сегодня" агенттигинин курамындагы жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналат", — деп өз позициясын билдирген Елена Черышева.

Ал кошумчалагандай, Полиция департаменти менен Чек ара күзөтүнүн катында "Россия сегодня" агенттиги Дмитрий Киселевдун көзөмөлүндө экендиги жана документтерде анын кол тамгалары жүргөнү айтылган.

"Дмитрий Киселевдун кол тамгасын бир дагы финансылык документтен көргөн эмесмин. Мен анын колун жылына эки жолу — Жаңы жылда жана Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо катынан көрөм", — деген Черышева.

Маргарита Корнышева Европа союзунун документтеринен “көзөмөл алдында болуу” жөнүндөгү аныктамасын тапканын билдирген. Бирок Дмитрий Киселев андагы бир дагы критерийге туура келбей турганына ишенерин кошумчалаган.

Окуган эмесмин, бирок билем

Тарыхый эстеликтер институтунун кызматкери Сергей Метлев агенттиктин кызматкерлерин журналист деп эсептебейт. Ал эми такталбаган маалыматтардын таралышын алдын алып, стратегиялык байланышты координациялаган Ильмар Рааг порталдын жабылышына макул эместигин айткан.

"Аларды ансыз деле Эстонияда аз киши окуйт. Менимче, мурдагыдай эле иштей беришмек", — деген Рааг.

Ал ошондой эле окутуучу катары Sputnik Эстония агенттиги жазган айрым макалаларга анализ жүргүзүп көрүп, материалдарда көп учурда объективдүүлүк сакталбай калганын айткан. Себеби журналисттер бир тараптын эле оюн укканын белгилеген.

Елена Черышева ага жооп катары Sputnik Эстониянын кызматкерлери башынан эле өгөйлөнүп келерин эске салды. Ал агенттикке мамлекеттик мекемелер, саясатчылар комментарий бербей, маектешүүдөн баш тартышканын кошумчалаган.

Ал эми журналист Александр Лукьянов өзүнүн сегиз айда чыккан 100-120дай макаласынын кайсынысында пропаганда бар экендигин мисал катары айтып беришин суранган. Буга программанын катышуучулары так жооп бере алышкан эмес.

Аргументтер түгөнгөндө…

Коопсуздук жана коргонуу боюнча маалымат борборунун жетекчиси Григорий Сенькив "Sputnik Эстония өзүнүн чарбалык-финансылык көйгөйүн чечүүгө жөндөмү жок болгондуктан аны сөз эркиндиги менен калкалап жатат" деп билдирген.

Ал эми Сергей Метлев Эстонияда порталдын салмагы жок экенин айткан.

“Бирок Sputnik агенттигинин провокациянын жардамы менен жайылткан жаңылыктарынын салмагы бар. Бир окуя эске түштү, жигит кызмат учурунда жаракат алса Sputnik орустарды жаман көргөндөр ушинтип дискриминация кылып жатышат деген сыяктуу кылып жазган”, - деди Метлев.

Алып баруучу Андрей Титов анын сөзүн бөлүп, айткандары куру жалаа экенин белгиледи. Сөз арасына бир фактыны келтире кеткен. Былтыр Эстония тууралуу калп маалыматтарды тараткандардын бетин ачуу менен алектенген Propastop блогунун авторлору Sputnik Эстония менен Baltnews порталын жаап салуу өтүнүчү менен парламентке кайрылууну ниеттенип кол тамга чогултушкан.

"Болгону миң кол тамга чогултуу керек болчу. Башында бир убакытты коюп, кийин бир айга жылдырышты, анан жыл этегине чейин узартышты. Жыйынтыгында 573 кол тамга топтолду, миңге такыр эле жеткире албай коюшту. Бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт", — деген Титов.

Талкуунун соңунда түз эфир убагында жүргүзүлгөн эки сурамжылоонун жыйынтыгы айтылган. Телефон чалган көрөрмандардын 90 пайызы, ал эми Facebook социалдык тармагы аркылуу добуш бергендердин 57 пайызы Sputnik Эстония агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтошун цензура деп атаган.

Тема боюнча

Sputnik Эстониядагы кырдаал. ЕККУнун өкүлү бийликке кайрылды
Sputnik Эстониянын журналисттери бийликтин кысымынан улам жумуштан кетип жатат
Белгилер:
цензура, ЖМК, Эстония, Sputnik

ЭҢ МААНИЛҮҮ