Мушкер атаандашынын алдынан бошонуп чыгып, тизеси менен нокаутка кетирди. Видео

© AFP / FRANCK FIFEБоец ММА Фрэнсис Нганну
Боец ММА Фрэнсис Нганну  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 10-январда XFC 48 турниринин алкагында болгон. ММА мушкери каршылашын тизеси менен тээп нокаутка кетирген. Маалыматта атаандашы көп убакытта өзүнө келгени айтылат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Америкалык мушкер Эммануэль Калхун Далластагы ММА турниринде мекендеши Марк Эйтелди өзгөчө нокаутка кетирип утуп алды.

Окуя 10-январда XFC 48 турниринин алкагында болгон. Видео беттеш өткөргөн уюмдун Instagram-аккаунтуна жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от XKO (@xtremeknockout)

Калхун партер абалында күрөшүп жатканда атаандашынын алдында калган. Эйтель ага карата ыкма жасап жиберейин дегенде, бошонуп туруп тизеси менен секирип башка тепкен. Эйтель жерге сулап түшүп, көп убакытта эсине келгени айтылат.

Калхун муну менен аралаш мушташта төртүнчү жеңишин камсыздады. Бир ирет утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0