Путин: башка өлкөлөр курал-жарак жагынан Россияны кууп жетиши керек

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин акыркы күндөрү дүйнөдө, анын ичинде Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Америкада түзүлүп жаткан кырдаал, аймактык тирештер дүйнө коомчулугуна коркунуч алып келип жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россия тарыхта биринчи жолу курал-жарак жаатында алдыга озуп чыкты. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү чыгарууга эми камынып жаткан куралдар Россиянын колунда турат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйын учурунда билдирди.

Путин акыркы күндөрү дүйнөдө, анын ичинде Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Америкада түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен аймактык тирештер дүйнө коомчулугуна коркунуч алып келип жатканын белгиледи.

"Тынчтык принциптерин карманып, олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кез келди деп ойлойм. Саясий эрк, акылмандуулук жана кайратты көрсөтүүгө убакыт жетти. Жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек, бул жаатта БУУну негиздеген өлкөлөр үлгү болушу зарыл. Өзөктүк куралы бар беш дерважа адам баласынын туруктуу өнүгүүсүнө жоопкер", — деди Путин.

Россия лидери кызматташууга кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүгө ачык экенин билдирди.

Флаги Германии и России - Sputnik Кыргызстан
Кылымга созулган каршылашуудан соң мамиле оңолобу. Москва — Берлин алакасы
"Биз эч кимге коркунуч жаратып же өз оюбузду таңуулабайбыз. Ошол эле учурда коопсуздукту сактоо боюнча биздин аракеттерибиз өз учурунда жана керектүү көлөмдө көрсөтүлдү. Россия тарыхта курал-жарак жаатында алдына эч кимди сала элек. Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү чыгарууга камынып жаткан куралдар Россиянын колунда турат", — деди Путин.

Ал өлкөнү коргоо боюнча ондогон жылдарга запас даярдап койгонун, бирок муну менен эле "бутту керип жатып алууга болбойт" деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0