Ханзааданын жубайы Меган Маркл чоң кайненеси менен сүйлөшпөй койду

© REUTERS / POOLХанзаада Гарринин жубайы Меган Маркл. Архив
Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү ханыша небереси Гарринин жана анын жубайынын келечегин талкуулоо үчүн үй-бүлө мүчөлөрүн чогулткан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ханзаада Гарринин жубайы Меган Маркл ханыша Елизавета II менен сүйлөшүүдөн баш тартып койду. Бул тууралуу Evening Standart басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Дүйшөмбү күнү ханыша небереси Гарринин жана анын жубайынын келечегин талкуулоо үчүн үй-бүлө мүчөлөрүн чогулткан. Бул учурда Меган Маркл Канадада жүргөн эле. Бирок буга чейин ал талкууга телефон аркылуу кошулары айтылып келген.

"Жыйынтыгында ханзаада менен жары ханыша өткөргөн кеңешмеге катышуунун зарылдыгы жок деп чечишкен", — деп айтылат макалада.

Эске салсак, буга чейин ханзаада Гарри менен жубайы падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктарынан баш тартууну чечишкен. Бул кадамы менен алар финансылык жактан көз карандысыз болууну көздөгөнүн  түшүндүргөн. Ошондой эле алар убактысын Улуу Британия менен АКШга бирдей бөлүштүрүүнү каалап жатканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0