Окумуштуулар биринчи жолу тирүү клеткалардан робот жасашты. Видео

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роботтор жүздөгөн клеткаларды түрдүү фигурага бириктирген суперкомпьютердин жардамы менен жасалып, ксеноботтор деген атка ээ болушту.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШнын Вермонт университетинин окумуштуулары алгачкы ирет тирүү клеткалардан робот жасашты. Бул туурасында Science Alert журналы жазды.

Адистер изилдөөгө баканын түйүлдүгүнүн сөңгөк клеткаларын алышкан. Роботтор жүздөгөн клеткаларды түрдүү фигурага бириктирген суперкомпьютердин жардамы менен жасалып, ксеноботтор деген атка ээ болушту.

500дөн 1000ге чейинки клетканы өзүнө камтыган кенедей ксеноботтор Петри идишине (медициналык буюм — ред.) батат. Алар өз алдынча кыймылдап, анча оор эмес жүктөрдү ташыганга күчү жетет. Ошондой эле бир дагы тирүү организм же органга окшош эместиги айтылат.

"Бул 100 пайыз баканын ДНКсы, бирок бака эмес. Биз баканын клеткаларынан өзүнүн баштапкы анатомиясынан тышкары жаңы тирүү форманы жасоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алдык", — дешкен илимий иштин авторлору.

Окумуштуулар ксеноботтордон пайдалуу кызматтарды күтүп жатканын кошумчалашкан. Мисалы, алардын жардамы менен океандардан пластиктерди жыйноого же тамырлардагы майлардан арылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0