Лавров: Ливиянын мамлекеттүүлүгүн НАТО жок кылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ливияда азыр мамлекеттүүлүк жок, аны НАТО 2011-жылы жок кылган. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ливиялык кесиптеши Динеш Гунадеварден менен болгон жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйында билдирди.

"Бул кылмыштуу, мыйзамсыз авантюралык кадамдын кесепетин азыркыга чейин тартып жатабыз. Биринчи кезекте ливиялыктар жапа чегүүдө", — деди министр.

Лавров НАТО жараткан көйгөйдү чечүү боюнча Германия, Франция, Италия, Алжир, Египет, БАЭ, Түркия, Катар жана Россия мамлекеттери иштеп жатканын белгиледи.

Кечээ Москвада Ливия боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Тараптар аймактагы чыңалган абалдан чыгуунун жолдорун, мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, бирок бир пикирге келе алышкан жок. Элдешүү боюнча документке Ливиянын улуттук армиясынын башчысы маршал Халифа Хафтар кол коюудан баш тарткан.

Ливиядагы кырдаал

2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган.

Россия жана Түркия лидерлери Владимир Путин жана Реджеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин менен Эрдоган Ливиянын эгемендүүлүгүн сактап калууга чакырышты
Ошондон кийин өлкөдө кризис башталган. Чыгышта жайгашкан Тобрук шаарында эл шайлаган парламент жыйын өткөрөт. Аны Хавтар башында турган улуттук армия колдоп келет. Ал эми батыш тарабындагы Триполи шаарында БУУ менен Евробиримдиктин колдоосу менен түзүлгөн өкмөт иштейт. Аны Файез Саррадж башкарат.

Кош бийлик жана коопсуздук системасындагы кыйроолор куралданган көтөрүлүшчүлөр менен террордук уюмдардын активдүүлүгүн арттырды. Борборлоштурулган бийликтин жана бирдиктүү армиянын жогунан Ливия контрабанданын чордонуна, Африкадан Европага мыйзамсыз агылган мигранттар үчүн өткөрүүчү жайга айланып калды.

2019-жылдын 4-апрелинде Хафтар "террорчулардан бошотуу" үчүн Триполиге чабуул жасайт. Ал эми өкмөткө караштуу куралдуу түзүлүштөр жооп кайтарышкан. Натыйжада бир нече ай ичинде жүздөгөн киши каза таап, миңдеген адам жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0