Иранда Украинанын кыйраган учагы боюнча камакка алуулар башталды

© Sputnik / Mazyar AsadiНа месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800
На месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Иранда Украина учагынын кыйрашы боюнча козголгон иштин негизинде бир нече адам камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн сот бийлигинин өкүлү Голямхосейн Эсмаилиге таянуу менен РИА Новости жазды.

Кармоолордун чоо-жайы тууралуу айтыла элек.

АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө - Sputnik Кыргызстан
АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө
Белгилей кетсек, каргаша 8-январь күнү эртең менен болгон. Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

Ишемби күнү Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн.

Украина президенти Владимир Зеленский Тегерандан расмий кечирим суроосун, күнөөлүүлөрдү жазаланышын жана компенсация төлөп беришин күтүп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0