Дарыгер тоңдурулган жашылчалардын артыкчылыгын айтып берди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПродукты без ГМО
Продукты без ГМО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис жашылча-жемишти тоңдуруш үчүн витаминдери же антиоксиданттары курамында абдан көп болуп турган учур тандалаарын айтты.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жаңы үзүлгөнүнө караганда тоңдурулган жашылча-жемиштер менен мөмөлөрдө витамин көбүрөөк кездешерин окумуштуулардын пикирине таянып "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Мындай маалыматты россиялык дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Беловешкин айтып берген.

Адис жашылча-жемишти тоңдуруш үчүн витаминдери же антиоксиданттары курамында абдан көп болуп турган учур тандалаарын айтты.

"Сатыкка чыга турган жашылча менен жемиштер, мөмөлөр бир аз көк кезинде жыйналат да, ташып келе жатканда, жолдон бышат. Бул учурда пайдалуу заттар азаят. Ал эми С витамини толугу менен жок болот", — деп белгилеген дарыгер.

Адис тоңдуруу ыкмасында жаңы мөмөлөрдүн консерванттар менен иштетилбегени бирден-бир артыкчылык экендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0