Путин Асадга Трампты Дамаскиге чакырууну сунуштады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүВладимир Путин Сирия президенти Башар Асад менен жолугушуу учурунда
Владимир Путин Сирия президенти Башар Асад менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уламыш боюнча, апостол шаарга келе жатып асмандан түшкөн жарыктан улам көзү көрбөй калат. Ошондо Иисус ага көрүүсүн калыбына келтирүү үчүн түз жол менен епископтун үйүнө барууну буюрат.

БИШКЕК, 12 -янв. — Sputnik. Владимир Путин Дамаскиге болгон сапары учурунда Сирия президенти Башар Асадга америкалык кесиптеши Дональд Трампты мейманга чакырууну сунуштаганын РИА Новости жазды.

Мындай тариздеги сүйлөшүү эки лидердин Ыйык Мариянын православ чиркөөсүнө барган учурунда болгон. Президенттер Дамаскинин босогосунда туруп христиандыкты кабыл алган Павел апостол тууралуу сөз кылышкан. Уламыш боюнча, ал шаарга келе жатып асмандан түшкөн жарыктан улам көзү көрбөй калат. Ошондо Иисус ага көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүү үчүн түз жол менен епископтун үйүнө барууну буюрат.

Башар Асад: “Трамп деле ушул жол менен келсе оңолмок”, — деп тамашалады.

“Оңолот, оңолот. Чакырыңыз, ал келет”, — деп жооп берген Путин.

Асад АКШ жетекчилигин кабыл алууга даяр экенин айтып, ал эми РФ лидери анын сөзүн Трампка жеткирүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0