Twitter Ирандын жогорку лидеринин аккаунтун блоктоп салды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүИрандын жогорку лидери Али Хосейни Хаменеи. Архив
Ирандын жогорку лидери Али Хосейни Хаменеи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хаменеинин англис тилинде маалымат жазган аккаунту өчүрүлдү. Ал эми фарс, француз жана араб тилинде жазган баракчалары мурдагыдай эле иштеп жатат.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Twitter Ирандын жогорку лидери Али Хосейни Хаменеинин баракчасын блоктоп салды. Ал аккаунтуна англис тилинде маалымат жазып турганын РИА Новости билдирди.

"Эскертүү: бул каттоо эсебинин аракети убактылуу токтотулду", — деп жазылган Хаменеинин Twitter баракчасында.

Ирандын жетекчисинин фарс, француз жана араб тилдеринде жазган баракчалары мурдагыдай эле иштеп жатканы айтылат.

Иран менен АКШ чатагы

Рабочая поездка президента РФ В. Путина  в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Иран президенти Роухани: украиналык учакты атып алганыбызга өкүнүп турабыз
Жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Ал эми 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысында 4.20) Американын Ирактагы "Эйн-аль-Асад" жана "Эрбиле" деп аталган аскерий базаларына баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0