Кийимдерин сатып, акчасына үй алды. Көр соодага берилген келиндин окуясы

CC0 / Pixabay / Free-PhotosПомощь психолога
Помощь психолога - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жаштагы банк кызматкери Эмили Жонс бир жыл мурда чыгымын азайтып, үй сатып алам деген чечим кабыл алган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Көр соодага берилген (шопоголик) улуу британиялык Эмили Жонс аттуу келин мурда алган бардык кийимдерин сатып, акчасына үй алды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

30 жаштагы банк кызматкери Эмили Жонс бир жыл мурда чыгымын азайтып, үй сатып алам деген чечим кабыл алган. Алгач ижарага алып жашаган батирин таштап, апасынын үйүнө көчүп барган. Мындан тышкары, жыл бою бир дагы жаңы кийим-кече сатып алган эмес.

"Акырында маникюрду өзүм жасап, чачымды дагы үйдөн боёй баштадым. Баса, бир жыл бою таптакыр кафе-ресторанга барган жокмун. Анын ордуна досторумду үйгө чакырып, өзүм тамак жасап берип жаттым", — деди Жонс.

Аягында шопоголик келин шкафка батпай турган кийим-кечектерин жана керексиз деп эсептеген зер буюмдарын интернет-дүкөн аркылуу саткан.

Жыйынтыгында бир жылдык үнөмдөө жана кийим-кечеден түшкөн акча 300 миң фунт стерлинг (25 миллион сомдой) болуп, бир үй сатып алууга жарап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0