Иран АКШны Украина учагынын кыйрашы боюнча иликтөөгө катышууга чакырды

© Sputnik / Mazyar AsadiНа месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800
На месте крушения пассажирского лайнера Украины Boeing 737-800 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала алынган версия боюнча, учактын кыймылдаткычы иштебей калган. Лайнер абада эле өрттөнө баштаган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Иран АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешин (NTSB) Украина учагынын кыйрашы боюнча иликтөөгө катышууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ушундай эле билдирүү Канада тарапка да жөнөтүлгөнү айтылат.

"Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңештин ыкчам аракетке келүүчү борборуна "Украина эл аралык аба жолдорунун" PS752 каттамдагы учагынын кыйрашы боюнча Ирандын Жарандык авиация уюмунун кырсыкты иликтөө кеңешинен расмий билдирүү келди. NTSB иликтөөгө катышуу үчүн өзүнүн аккредитацияланган өкүлдөрүн жөнөтөт", — деп билдирет ведомство.

Ошондой эле NTSB иликтөөдө башкы ролду иран тарап аткарып жатканын белгиледи.

Ал арада Канаданын тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань Иран авиакырсыкты иликтөөгө катыша турган канадалык эксперттерге виза бергенин билдирди.

Буга чейин Ирандын бийлиги кырсыктан жарандары каза болгон мамлекеттердин иликтөөгө катышуусуна макул экенин билдирген.

Тегеранда кулаган учак

Крушение украинского самолета Boeing 737 на окраине Тегерана - Sputnik Кыргызстан
Тетиктери чачырап кетти. Иранда учактын кулаган учуру видеого түшүп калган
Үстүбүздөгү жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону айтылды.

Алдын ала алынган версия боюнча учактын кыймылдаткычы иштебей калган. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0