Стамбул: аэропортто туристтердин атын жазып алып тосууга тыюу салынды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОткрытие нового сегмента пассажирского терминала в аэропорту "Домодедово"
Открытие нового сегмента пассажирского терминала в аэропорту Домодедово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учуп келгендерди эми туугандары менен достору гана тосуп алат. Ал эми туристтерди кабыл алган өзүнчө зал ачышты.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 2020-жылдын 1-январынан тарта Стамбулдагы эл аралык жаңы аба майдандын жетекчиси туристтик компанияларга бажы текшерүүсүнөн чыгып келе жатканда эс алуучунун атын жазып алып тосуп турган ыкмага тыюу салды. Бул туурасында CNN Turk кабарлады.

Ситуация в международном аэропорту имени Ататюрка в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Түркияга барчу туристтер эми салык төлөшү керек болот
Учуп келгендерди эми туугандары менен достору гана тосуп алмакчы. Ал эми туристтерди кабыл алуу боюнча өзүнчө зал ачышты. Туроператорлордун өкүлдөрү жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн чыгып, жүгүн алып, андан соң аталган жайга келгени ыңгайсыз экендигин айтышты.

Эгерде туристтик компаниянын өкүлү мурдагы адатындай эле туристти аты жазылган кагазды көтөрүп алып тоссо, 48 евро айыпка жыгылмакчы.

Ал арада Түркиянын туроператорлор союзу (TURSAB) мындай ыкмага каршы чыкты.

"Мындай жаңы регламентке макул эмеспиз жана ага каршы укуктук коргоо каражаттарын колдонобуз. Тиешелүү жактарга арыз жолдойбуз", — деген РИА Новостиге TURSAB маалымат катчысы Айше Коркмаз.

Ал Стамбул аба майданына келип, жогорудагыдай эрежеге туш келген туристтер тушуккан абалды жеңилдетүүгө TURSAB аракет кылып жаткандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0