Ди Каприо Кариб деңизинде 11 саат калган жигитти сактап калгандардын бири болду

© AFP / KAZUHIRO NOGIАмериканский актер Леонардо Ди Каприо
Американский актер Леонардо Ди Каприо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ди Каприо куткаруучулардын командасына кошулуп, сууга кулаган кишини кошо издешкен. Алар караңгы киргенге чейин жигитти суудан аман-эсен таап, бортко алып чыгышкан.

БИШКЕК, 9-янв. – Sputnik. Кариб деңизинде атактуу актёр Леонардо Ди Каприо эс алып жүргөн яхтадан сууга кулаган адамды куткарууга жардам берген. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Тандыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жылынам деп... Ноокатта милиция тандырдын ичинде күйүп жаткан кишини сактап калды
Суу кемесинин капитаны 24 жаштагы француз жигит деңизге түшүп кеткени тууралуу маалымат алган.

Актёр ал түшүп жүргөн яхтанын кырсык болгон жерге кайра баруусуна макулдугун берип, өзү куткаруучулардын командасына кошулуп, кошо издешкен. Топ караңгы киргенге чейин жигитти суудан аман-эсен таап, бортко алып чыккан. Бул учурда ал сууда 11 саат калган.

Капитан чөккөн адамды табуу мүмкүнчүлүгү "миллиардга бир" экендигин айткан.

Голливуд актёру 22 жаштагы сүйгөнү Камила Морроне менен Кариб деңизинин аймагындагы Сен-Барталеми аралында эс алып жүргөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0