Трамп эмнеге Иранга согуш жарыялаган жок? Саресеп

© REUTERS / JONATHAN ERNSTВыступление президента США Дональда Трампа в Белом доме в Вашингтоне
Выступление президента США Дональда Трампа в Белом доме в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү алып баруучунун айтымында, Трамп — жоокер эмес, бизнесмен. Ал аскерий каршылашуудан көрө экономикалык санкция киргизүүнү туура көрөт.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Дональд Трамп чечим кабыл алууда принциптерге таянбастан, кызыкчылыктарды эске алды көрүнөт. Бул тууралуу теле алып баруучу Владимир Соловьёв АКШнын лидери Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча чечимине комментарий берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

Кечээ кечинде Дональд Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын белгилеп өткөн.

Соловьёвдун айтымында, Америка Кошмо Штаттарынын президенти элге көрүнгөндөй эмоционалдуу эмес.

"Трамп — жоокер эмес, бизнесмен. Ал аскерий каршылашуудан көрө экономикалык санкция киргизүүнү туура көрөт. Себеби санкцияны согуштун бир түрү катары эсептейт", — деди алып баруучу.

Анын божомолунда, Трамп конфликтини жөнгө салуу үчүн өзүнүн сценарийин даярдап койгон.

"Ал (Трамп — ред.) аскер базаларынын жайгашуусу каршылаштардын аймагына сокку уруу үчүн атайын операцияларды жүргүзүүгө ыңгайлуу экенин түшүнүп турат. Санкция менен кысып, психологиялык жактан басым жасап, курал-жарагынын күчүн көрсөтүп жатып эле акырында санкция киргизүүгө ооп кетет", — деди Соловьёв.

Церемония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен Ирандын мамилесин курчуткан Касем Сулеймани ким эле?
Мындан сырткары, алып баруучу CAATSA (Американын каршылаштарына санкциялардын жардамы менен каршы туруу жөнүндөгү мыйзам) мыйзамына Түндүк Корея, Иран жана Россия кирерин эске салды.

Американын Ирактагы Эйн-аль-Асад жана Эрбиле деп аталган аскерий базаларына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (4.20 Бишкек убактысы) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалган. Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу операциясы башталганын жар салган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0