15:55 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
287 0 0

Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт беш миллион гектардан ашуун жерди жалмап, калк жашаган миңден ашуун турак жай күйгөн. Күндүн ысыгы жана шамал өрттү ого бетер күчөткөн.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Австралия токойлорундагы өрттөн бир миллиарддан ашык жан-жаныбар өлдү. Бул тууралуу Сидней университетинин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт беш миллион гектардан ашуун жерди жалмап, калк жашаган миңден ашуун турак жай күйгөн. Күндүн ысыгы жана шамал өрттү ого бетер күчөткөн.

Университеттин профессору Крис Дикмандын айтымында, өрт чыккан жерден өлгөн жаныбарлардын саны 800 миллионго жакындады. Ал эми жалпы өлкө боюнча тилсиз жоо бир миллиарддай жандыкты жок кылды.

Адистер өлгөн жаныбарлардын санын билүү үчүн Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонддун 2007-жылкы маалыматтарын колдонгон. Анда окумуштуулар сүт эмүүчү, канаттуу жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн Австралиядагы жыштуулугун орто эсеп менен алып, өрттөнгөн аймакка көбөйтүп коюшту.

Бирок адистер өлгөн жаныбарлардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн деген божомолун айтууда.

Тема боюнча

Австралиядагы өрттүн түтүнү Түштүк Америкага жетти. Спутниктен тартылган сүрөт
Белгилер:
изилдөө, өлүм, жаныбарлар, токой, өрт, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ