Кытайда жаңы оору пайда болду. Мындай вирус 800 адамдын өмүрүн алган

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан. Вирустун себеби жана козгоочусу азыркыга чейин аныктала элек.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кытайда белгисиз вирус пайда болгонун "National Geographic Россия" агенттиги жазды.

Зимний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз
Декабрдын этегинде Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. 3-январда мындай 44 учур катталып, 11 адам оор акыбалда болгон. Оорулуулар менен жакын жүргөн 160тан ашык адам көзөмөлгө алынган.

Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. Учурда ал жак жабылды. Оорулуулар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан. Көкүрөк клетканын рентгенографиясы оору өпкөнү жабыркатарын көрсөткөн.

Гонконгдо пневмониянын жаңы түрү алты кишиде аныкталган. Алар буга чейин Ухань шаарында болушканын айтып беришкен. Учурда 59 киши ооруп, алардын алтоосу оор абалда экендиги айтылат. Илдетти алып жүргөндөрдүн бир нечеси Сингапурда дарыланмакчы, алардын арасында 3 жаштагы кыз бар. Гонконг менен Сингапурдун аба майданына санитардык көзөмөл киргизилип, дене табы көтөрүлгөн Ухань жүргүнчүлөрү карантинге алынды. Гонконгдо 16 саякатчы илдетке кабылган.

Вирустун себеби жана козгоочусу азыркыга чейин аныктала элек. Илдеттин агымы SARS курч респиратордук синдромун эске салып жатканы айтылат. Ал "кара кочкул өлүм" деген атты алган типтик белгилери жок пневмония. Вирус 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдагы илдетке көз салып, анын себептерин жана дарылоо жолдорун аныктоого бардык күчтү жумшоого чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0