Ашыкча салмак рактын 9 түрүн чакырат. Жаңы иликтөө

© Photo / Pixabay / Michal JarmolukЛишний вес
Лишний вес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Организмдеги ашыкча май эмчек, бөйрөк, табарсык, өт, кан, жатын, өпкө, жүлүн жана мээнин рагын чакырат. Мындай жыйынтыкка келүү үчүн окумуштуулар Даниядагы рак тууралуу 40 жыл ичиндеги маалыматтарды анализдеп чыккан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ашыкча салмак ракка чалдыгуу тобокелдигин 12 пайызга жогорулатат. Мындай бүтүмгө Даниядагы Орхус университетинин окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Организмдеги ашыкча май эмчек, бөйрөк, табарсык, өт, кан, жатын, өпкө, жүлүн жана мээнин рагын чакырат.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн окумуштуулар Даниядагы рак тууралуу 40 жыл ичиндеги (1977-2016-жылдар) маалыматтарды анализдеп чыккан.

"Бул аралыкта дарыгерлер тарабынан Дания боюнча 313 миң адамга "ашыкча салмак менен жабыркайт" деген диагноз коюлса, анын ичинен дээрлик 21 миңи онкологиялык илдеттерге дагы кабылганы аныкталган", — деп айтылат макалада.

Салмак менен рак клеткаларынын кандай байланышы бар десеңиз, ашыкча килограммдар гормондордун ишинин бузулушуна жана зат алмашуунун начарлоосуна алып келет. Бул нерсе ансыз да өрчүү жолун издеп турган рак клеткаларына ыңгайлуу шарт түзүп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0