Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасайт

© REUTERS / Yuri GripasПредвыборный митинг в Санрайзе
Предвыборный митинг в Санрайзе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын Ислам революциясынын коргоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык чабуулу боюнча шаршемби күнү эртең менен (биздин убакыт боюнча шаршемби күнү кечинде) билдирүү жасайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Баары жайында. Иран Ирактагы эки базага ракета коё берди. Азыр жабырлангандар барбы, кандай зыян келтирилди деген нерселерди тактап жатабыз. Бирок баары жакшы! Мен эртең билдирүү менен чыгам", — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

​Генералдын өлүмү жана өч алуу

Военные учения Ирана возле Ормузского пролива - Sputnik Кыргызстан
Ирандын соккусунан канча адамдын каза тапканы айтылды
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Бүгүн, 8-январда, Ирактын батышында жайгашкан АКШнын "Аль-Асад" аскердик базасы ракеталык чабуулга тушукканы маалым болду. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу (ИРКК) соккуну алар жасаганын жар салды. Чабуул генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу болуп саналары белгиленди. Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0