Иранда кулаган Украина учагынан эч ким аман калган жок. Кырсыктын сүрөттөрү

© AFP / INA FASSBENDERСамолет Boeing 737-800 авиакомпании "Украина"
Самолет Boeing 737-800 авиакомпании Украина  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач бортто 180 жүргүнчү баратканы айтылган, кийинчерээк учакта 167 адам болгону туурасында расмий маалымат берилди.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын борбору Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндөн кийин кулаган украиналык учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн баары мерт болду. Бул туурасында РИА Новости "Рейтер" агенттигине шилтеме жасоо менен жазды.

Азыркы тапта Украинанын Ирандагы элчилиги каза болгондордун аты-жөнүн тактап жатат. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учактын кыйрашынан адамдардын аман калуу мүмкүнчүлүгү жок экенин кабарларды. Учурда куткаруучулар самолеттон чыккан өрттү өчүрүүдө.

Boeing 737-800 үлгүсүндөгү аба кемеси Тегеран — Киев багыты боюнча учуп чыккандан эки мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен.

"PS752 каттамындагы учак Тегерандан 8-январда саат 2.42де (8.42 Бшк.) абага көтөрүлгөн. Соңку маалымат саат 2.44тө алынган", — деп жазган Flightradar Twitter аккаунтуна.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто 180 жүргүнчү баратканы айтылган. Кийинчерээк Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Жаафар-заде учакта 167 адам болгонун РИА Новостиге билдирген.

​Кырсыктын келип чыгышына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0