Иранда 180 жүргүнчүсү менен абага көтөрүлгөн Украинанын учагы кулады

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүПассажирский самолет в небе над Москвой
Пассажирский самолет в небе над Москвой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегерандын аэропортунан Boeing 737 үлгүсүндөгү учак жерден көтөрүлгөндөн кийин "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кулаганы айтылууда.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Ирандын борбор калаасы Тегерандын аэропортунда Украинага таандык самолет кулап түштү. Бул туурасында РИА Новости ирандык Tasnim маалымат агенттигине таянуу менен жазып чыкты.

Аба кемеси Тегерандын Имам Хомейн атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө "техникалык мүчүлүштүктөн" улам кулаганы айтылууда. Бортто 180 жүргүнчү бараткан. Бул кабарды аба майдандын жетекчиси тастыктаган.

"Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, Boeing 737 үлгүсүндөгү аба кемеси кырсыкка кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0