Ишке тартса болот. Samsung жасалма адамдарды тартуулайт

© AFP / ROBERT LEVERВыставка бытовой электроники 2020 года (CES) в Лас-Вегасе
Выставка бытовой электроники 2020 года (CES) в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табышмактуу долбоор тууралуу маалымат интернетке жаңы жылга чейин эле тараган. Аны иштеп чыккандар социалдык тармактарды кызыктырган кыскача пост жазып, толук маалымат беришкен эмес.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Samsung компаниясы Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган эл аралык электроника көргөзмөсүндө жаңы ишин — компьютер менен башкарылып турган биринчи жасалма адамды көрсөтөт. Бул туурасында The Verge басылмасы жазып чыкты. 

Табышмактуу долбоор тууралуу маалымат интернетке жаңы жылга чейин эле тараган. Ал NEON деп аталып, жасалма интеллекттин негизинде виртуалдык адамдын эмоциясы менен башкарылат. Иштеп чыгуучулар социалдык тармактарда элди кызыктырган кыскача пост жазып, толук маалымат беришкен эмес.

​Долбоордун Twitter баракчасына бир нече жасалма адамдын сүрөтү жүктөлүп, бир аз убакыттан кийин өчүрүлгөн. Анткен менен колдонуучулар аны көчүрүп алууга жетишип, YouTube-каналга жарыялап жиберишкен.

Verge белгилегендей, өндүрүм компьютердик анимациялардай эмес, чыныгы адамдарга окшош. Аларды гид, катчы, алып баруучу, администратор жана башка кызматтарга ишке тартууга болот.

​Долбоордун автору Пранав Мистри да Twitter баракчасы аркылуу көргөзмөгө жасалма адам катыша турганын жазып, аватарлардын биринин сүрөтүн жүктөгөн.

​IT жетишкендиктеринин Consumer Electronics Show (CES) 2020 аталышындагы эл аралык көргөзмөсү Лас-Вегаста 7-январь күнү башталган, ал 10-январда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0