12:15 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
199 0 0

Германия Ирактын суверендүүлүгүн урматтай тургандыгын, алардын аскерлери убактылуу аталган мамлекеттин аймагынан чыгып турарын билдирген.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Германия ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн соң өзүнүн Ирактагы аскерлерин Кувейт менен Иорданияга жайгаштырып жаткандыгын DPA агенттигине шилтеме берип, РИА Новости жазды.

Иш-чаралар Багдад менен Тажиде иштеген аскерлерге тиешелүү экендиги белгилүү болду. Маалыматта алардын аталган өлкөдө Бундесвердин миссиясын улантуу максатында Ирактын өкмөтү менен байланышып, сүйлөшүп турганы айтылган.

"Албетте, биз суверендүү Ирактын чечимине урматтоо менен мамиле жасайбыз. Эгерде Ирак тарабынан керек деген ишарат болуп жана абал ылайык келсе, принципиалдуу түрдө эл аралык алкакта колдообузду көрсөткүбүз келет. Ал жакта жайгашкан (Багдад менен Тажи) аскерлер Иордания менен Кувейтке жайгаштырылат. Машыгуулар жаңыланганда (ирак аскерлеринин) алар кайтып келет", — деп кабарланган маалыматта.

Учурда Тажиде германиялык 27 инструктор иштээри, ал эми жалпысынан аталган өлкөдө 12 аскер кызматкери бар экендиги айтылды.

Буга чейин Ирак парламенти ирандык генерал Касем Сулеймани бомбалоодон каза болгондугуна байланыштуу, чет элдик аскерлерди өлкө аймагынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.

Тема боюнча

Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды
Ирак: террорчулар кол салып, полициянын төрт кызматкери мерт болду
Белгилер:
Аскер, Германия, Кувейт, Иордания, АКШ, Ирак, Иран

ЭҢ МААНИЛҮҮ