Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы

© AP Photo / Virginia Mayo АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Архив
 АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКларда АКШ армиясы жергиликтүү бийликтин талабынан кийин Ирактан кете баштаганы тууралуу жазылган америкалык генералдын каты пайда болгон.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын коргоо министри Марк Эспер Американын армиясы Ирактан кетүүнү пландабаганын кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Ирактан чыгып кетүү боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес", — деген Эспер.

Буга чейин ЖМКда АКШ армиясы жергиликтүү бийликтин талабынан кийин Ирактан кете баштаганы тууралуу жазылган америкалык генерал Уильям Силинин каты пайда болгон.

Бул боюнча CNN басылмасына Эспердин билдирүүсү жарыяланган.

"Катты мен бир жолу окудум. Анын түп нускасы боюнча эч нерсе деп айта албайм. Бирок мен аны окуп чыктым. Бул каттын мазмуну азыркы кырдаалга дал келбейт", — деген Эспер.

Пентагон жана АКШнын жетекчилиги алдындагы коалиция РИА Новости басылмасынын каттын түп нускасы экенин тастыктап же четке кагуу боюнча өтүнүчүнө жооп беришкен жок.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп эгер Багдад америкалык армияны өлкөдөн чыгарууну талап кылса, аларга миллиарддаган чыгым жана санкцияларды киргизе турганын айтып Иракка сөөмөй кезеген. 

Чырдын себеби

Митинги после убийства иранского генерал-майора Касема Сулеймани - Sputnik Кыргызстан
"Согушту Америка баштады". Иран АКШнын аскерий объектилерине сокку урарын айтты
АКШ Ирак менен Сириядагы "Каттаиб Хезболлах" шиит тобунун объектилерине сокку урган. Пентагон мындай аракеттер АКШнын бир жараны жана төрт аскерий адамы каза болгон Ирак базасынын чабуулуна жооп деп түшүндүргөн. Буга нааразы болгон шииттер АКШнын Багдаддагы элчилигине кол салууга аракеттенишкен. Америка буга аталган нааразылык акцияларды жетектеген деген кине менен Иран генералы Касем Сулейманини өлтүрүп жооп берген. Ал эми Иран өч алууну убадалаган.

Ишемби күнү ЖМКлар АКШ Ирандын 52 объектисин бутага алганын жазып чыккан. Алардын арасында маданий мурастар да бар болчу. Мындай маалымат бир катар саясатчылар менен эксперттердин тынчын алды, анткени эл аралык укук нормасы буга жол бербейт. Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео жекшемби күнү "АКШ мыйзам чегинде" иш алып барарын билдирген.

Багдад соккуну АКШ аскерлеринин Иракта жайгашуусунун эреже-талабын бузуу катары баалады. Өлкө парламенти өкмөттөн америкалык аскерлерди аймактан чыгарууну талап кылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0