БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бүгүн, 5-январда, Жер планетасы болушунча Күнгө жакындады. Бул тууралуу Москванын планетарийинин сайтында айтылат.
Жер орбитасынын перигелийи Күндөн 147 098 291 чакырым аралыкта, бул кадимки алыстыктан 2,5 миллион чакырымга жакын дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, Жер планетасы Күндү 365 күн 6 саат 9 мүнөт 10 секундда айланып бүтөт. Ал эми ылдамдыгы секундасына 29,765 чакырымды түзөрү маалым.