Канадада жерден көтөрүлгөн учактын дөңгөлөгү ыргып кетти. Видео

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДвигатель и шасси самолета. Архивное фото
Двигатель и шасси самолета. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба кемеси жаңы эле көтөрүлүп жатканда бир дөңгөлөгү чыгып кеткен. Бул учурду жүргүнчүлөрдүн бири видеого тартып алган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Канадада Bombardier Dash 8 жарандык самолетту аэропорттон абага көтөрүлүп жатканда дөңгөлөгү ыргып кетти. Бул туурасында CBC телеканалы жазды.

​Окуя 3-январда болгон. Учак аэропорттон Монреаль — Сегеней ички каттамы боюнча учууга камынып жаткан. Дөңгөлөктүн ыргып кеткенин ичинде отурган жүргүнчүлөрдүн бири тартып алган.

Мындан улам аба кемеси ыкчам конууга аргасыз болгон. Бирок күйүүчү майды иштеп чыгуу үчүн аэропортто бир сааттай айланып турган. Бактыга жараша, бортто отурган 52 жүргүнчү менен экипаждын мүчөлөрү жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0