Америкалык серепчи: Иран менен АКШны Путин гана эсине келтире алат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Роухани. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Роухани. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Серепчинин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы ири согуштун болуп кетишине генералдын өлүмүнө Ирандын жооп кайтарышы жана ага АКШ президенти Дональд Трамптын үн катышына жараша болот.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын ирандык генерал Касем Сулейманини жок кылышы Ирандын Жакынкы Чыгышта таасирин гана күчөтөт, ал эми жаңжалдашкан эки тарапты эсине келтире турчу адам Россиянын лидери Владимир Путин болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Вашингтондогу Атлантика кеңешинин эксперти Барбара Славин билдирди.

Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган.

"Бул өлтүрүү региондордо Ирандын таасирин азайтпайт, тескерисинче арттырат. Мындай беделдүү ирандыктын өлүмүнөн кийин АКШлыктар Ирактан (генерал Ирактын Багдадында өлтүрүлгөн) чыгып калышы мүмкүн. Себеби АКШ "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүү үчүн Иракта болуп, аларды каршылык көрсөтүүгө үйрөтүшү керек деген келишим бузулуп жатат. Өлкө америкалык ишкерлер үчүн өтө кооптуу болуп калды", — деген Атлантика кеңешинде "Ирандык кеңештин келечеги" программасын башкарган Славин.

Анын пикиринде, АКШ менен Ирандын ортосундагы ири согуштун болушу Ирандын Сулейманинин өлүмүнө жооп кайтарганына жана ага АКШ президенти Дональд Трамптын үн катышына жараша болот.

Тысячи иранцев вышли на митинг после убийства генерала Сулеймани — видео - Sputnik Кыргызстан
Генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыгышты. Видео
"Дональд Трамп менен ирандыктарды эсине келтире турган жалгыз Владимир Путин болсо керек. Бирок Россия менен Кытай АКШнын акылга сыйбаган аракеттеринен упай топтоп жатат. Эми эки мамлекет кол куушуруп, башаламандыкка көз салып гана турса керек", — деди Славин.

Ал белгилегендей, эми Иран качан жана каерден АКШга сокку урууну кылдаттык менен тандайт. Ирандын дүйнөдө көптөгөн өнөктөштөрү болгондуктан алар кол салууга жардам бериши ыктымал.

Эксперт ошондой эле АКШнын Иран менен болгон өзөктүк курал боюнча келишимине доо кетерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0