Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу

Жазылуу
Жабырлануучу 8-кабатка чейин кулап барып лифттин калың зымдарын кармап калганга үлгүргөн. Андан соң ал телефон менен куткаруучуларды чакырган.

Кытайлык киши имараттын 30-кабатынан кулап аман калды. Бул тууралуу AsiaOne жазып чыкты.

Согушкерлердин кыргыз кыштагына салган кыргыны. Алааматтын күбөлөрү сүйлөйт - Sputnik Кыргызстан
Согушкерлердин кыргыз кыштагына салган кыргыны. Алааматтын күбөлөрү сүйлөйт
Видео YouTube каналына жарыяланды.

ЖМКнын маалыматына ылайык, эркек 30-кабаттан лифтти күтүп турган. Эшик ачылганда эле ал кадам таштаган, бирок ал кабатка лифттин кабинасы келген эмес. Ал 8-кабатка чейин кулап барып, ошол жерден лифтинин калың зымдарын кармап калганга үлгүргөн. Андан соң телефон чалып куткаруучуларды чакырган. Окуя болгон жерге беш мүнөттөн кийин келгендер кишини аман-эсен чыгарып алган. Кулаган адамдын кол кабы болгондуктан колдору да эч кандай жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0